Планета аралык чөйрө

Википедия дан

Планета аралык чөйрө — жылдыз тутумундагы планеталардын ортосундагы зат.

Буга планеталардын тышкы атмосферасы, кометалар жана алардын калдыктары, Күнгө жакын жайгашкан кун таажысынын бөлүгү, космос нурлары кирет.

20-кылымдын 50- жылдарына чейин Күн системасы техникалык салмактуу иондошкон туруктуу газ менен толтурулган деп болжолдонгон. Кийин динамика теориясы өнүгүп, ал боюнча Планета аралык чөйрөдөгү газ компоненттери күн таажысынын кеңейүүчү заттарынан турат деп айтылат. Иондошкон компоненттерден башка да Планета аралык чөйрөдө космос аппаратынан байкалган күн нурунун резонанс боюнча чачырашында суутектин бейтарап атому бар экендиги далилденген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.