Планета спутниктери

Википедия дан

Планета спутниктери , планета ээрчимелери - планеталардын тартуу таасиринин натыйжасында ал планеталарды айлануучу, Күн системасына кирген телолор.

Планета спутниктеринин саны 1978-жылкы маалымат боюнча - 33. Меркурий, Чолпон жана Плутондун спутниктери белгисиз. Спутниктер эллипс орбиталары боюнча айланат.

Планета спутниктеринин дээрлик көпчүлүгү планеталардын айлануу кыймылынын багыты боюнча кыймылдаса, Урандын спутниктери, Юпитердин VIII, IX, XI жана XII, Сатурндун IX, Нептундун I спутниги тескери багыт боюнча айланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.