Пластидалар

Википедия дан
Пластидалар.

Пластидалар (грекче plastides – түзүүчү, куруучу) – автотрофтуу өсүмдүк клеткаларындагы органикалык заттарды синтездөөчү пигменттүү органоиддер. Алардын түсү курамындагы пигменттерге жараша болуп, үчкө бөлүнөт. Хлоропласттар жашыл түстө, хромопласттар кызыл, кызыл-сары, сары түстө, лейкопласттар түссүз болот. Хлоропласттар негизинен жалбыракта болуп, аларда жашыл хлорофилл пигменти бар. Өсүмдүктүн жашыл түстө болушу ушуга байланыштуу. Аларда белок, липид, рибосомалар, ДНК, РНК жана крахмал болот. Балырлардын хлоропласттары хроматофорлор деп аталат. Өсүмдүктө хлоропласттын жардамы менен фотосинтез жүрөт. Хромопласттарда каротиндер болуп, мөмө-тамырда (сабиз, кызыл кызылча), мөмөлөрдө (помидор, алма), гүл таажысында, күзгү жалбырактарда болот. Лейкопласттар өсүмдүктүн бардык органдарында кездешет. Анда жөнөкөй органикалык заттардан татаал заттар (крахмал, белок, май) синтезделет. Алардын крахмалдары – аминопласттар, белоктуулары - протиноплаеттар, майлуулары - олеинопласттар деп аталат. Пластидалар бири бирине оңой айланат. Мисалы, мөмөлөр бышканда же күзүндө жалбырактын түсү өзгөргөндө хлоропластар хромопласттарга айланат, ошондой эле караңгыда өскөн картөшкөнүн жаш түймөгүндөгү лейкопласттар жарыкта хлоропластка өткөндүктөн, жашыл түскө, сабиздин азык-тамырынын топурактан чыгып калган бөлүгүндө хромопласт жарыктын таасиринен хлоропластка айланат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]