Пластикалык операция
Пластикалык операциялар(амалияттар) — дененин айрым бөлүктөрүнүн же мүчөсүнүн тубаса же оорунун, кырсыктын натыйжасында бузулган формасын жана кызматын калыбына келтирүү үчүн жасалган хирургиялык операция.
Пластикалык операциялар байыркы Индияда жана Египетте колдонулган. Алгачкы мезгилде тери пластикасы өөрчүгөн.
Сөөктү которуп улоо 17 — 18-кылымда башталды. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Н. И. Пирогов болуп саналат.
Азыркы мезгилде медицинанын, биологиянын жетишкендиктеринин, айрыкча кан тамыр хирургиясынын өөрчүшүнүн негизинде дененин айрым бөлүктөрүн, ткандарын гана эмес, бүтүндөй мүчөнү которууга мүмкүндүк болду.
Эгерде оорулуунун өзүнүн денесинин тканы же мүчөсү колдонулса аутопластика, ал эми башка бир адамдын (донордун) тканы колдонулса гомопластика, жаныбарлардын органы же тканы көчүрүлсө гетеропластика деп аталат. Биологиялык эмес синтетикалык материалдар (металл, айнек, синтетикалык ткандар) азыркы мезгилде кеңири колдонулуп жатат.
Пластикалык операциялар хирургиянын бардык тармагында ийгиликтүү колдонулууда. Мисалы, жүрөк жана кан тамыр хирургиясында жүрөк клапандарын жасоо, иштен чыккан кан тамырларды алмаштыруу, ошондой эле жасалма кекиртек, кызыл өңгөч (ичегиден) салуу да Пластикалык операциялардын бир түрү болуп саналат.
Пластикалык операциялардын балдар хирургиясында мааниси өтө чоң, мисалы, тубаса жырык эринди жамоо, көтөн чучугу жабык төрөлгөндөрдү, заара жолдорунун тубаса кемтиктерин калыбына келтирүү жана башкалар. Чоң жарааттарга, күйүк терини көчүрүп жамап айыктыруу да чоң мааниге ээ.
Ошондой эле беттеги же башка көрүнүү жердеги тырык, бырыш жана башка кемчиликтерди жоюу үчүн косметикалык Пластикалык операция жасалат.
Башка кишиден көчүрүлгөн ткань же орган эң татаал Пластикалык операция болуп эсептелет. Себеби ткандардын сыйышпастыгы мүмкүн, бул учурда атайын дарылоо чараларын көрүүгө туура келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8