Пластмасса конструкциялар

Википедия дан

Пластмасса конструкциялар — курулушта кеңири колдонулма жеңил, арзан, ынгайлуу конструкциялар.

Пластмасса конструкциялар - бышыктыгы, тунуктугу менен айырмаланган жарык өткөрүмдүү (айнек пластинка) материалдар, өтө жеңил, арзан күңүрт айнек пластиктер: ташууга ыңгайлуу, ажыратып-жыйналма пневматикалык курулуш (үйлөмө) конструкциялары түрүндө болот.

Пластмасса конструкциялар фонарларды, тосмолорду, жылыткычтарды, спорт, көргөзмө курулмаларын, тургузулуп жаткан объектини убактылуу жабууда, химия өндүрүшүндө, айыл чарбасында ж. б-да колдонулат. Тез бузулуп жана өткө жакшы күйгөндүктөн капиталдык курулуштарда таза

Пластмасса конструкциялар көп колдонулбайт. Ошондуктан башка материалдар менен айкалышкан Пластмасса конструкциялар, мисалы, конструкциялык жылыткыч (пенопласт, сотопласт ж. б.) негизги күч келе турган бекем жана бышык алюминий тактасынан жасалган үч катмарлуу панелдер кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.