Платина рудалары

Википедия дан

Платина рудалары - составында казып алууга арзырлык платина металлдары (Pt, Pd, Ir, Rh, Os, Ru) бар жаратылыштагы минерал чогундулары.

Жаратылышта платинанын 90дой минералы белгилүү. Алардын көп тараганы: поликсен, ферроплатина, платиналуу иридий, невьянскит, звягинцевит, паоловит, фрудит, соболевскит, плюмбопалладинит, сперрилит.

Кендери көздөшүү өзгөчөлүгүнө карай алгачкы жана чачынды, курамы боюнча жалаң платина жана комплекстүү болуп бөлүнөт. Алгачкы кени платформалуу жана бүктөлүү аймактардагы негиздүү жана ультранегиздүү интрузия тоо тектерде кезигип, дайыма тектоникалык ири жаракаларга жакын жайгашат. Алар ар кандай тереңде (0,5- 1 кмден 3-5 кмте чейин) жана турдүү геол. замандарда (кембрийге чейинки мезгилден мезозойго чейин) пайда болгону белгилүү.

Платина металлдарынын рудада таралышы ар түрдүү: жалан платиналуу кенде 2- 3 г/гдан бир нече кг/тга чейин, комплекстүү кенде г/тнын 1/10-1/100 үлүшүн түзөт.

Платина металлдарын алууда Платина рудаларынын жез-никель сульфид кендеринин мааниси чоң. Чачынды кени негизинен платиналуу клинопироксенит-дунит жана серпентин-гарцбургит интрузия массивдеринин үбөлөнүп талкаланышынан пайда болуп, мезозой жана кайнозойдун элювий-аллювий, аллювий чекмөлөрүндөгү платина жана осмийлүү иридийден турат.

Платина рудаларынын ири кендери; Түштүк Африка Республикасында, Канадада, Колумбияда. АКШда, Россияда (Норильск, Мончегорск, Сибирь) ж. б. жерде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.