Платт

Википедия дан
Платт.

Платт (англ. Platte) – АКШдагы дарыя, Миссуринин оң куймасы. Аскалуу тоолорунун Алдынкы кырка тоосунан башталган Норт-Платт жана Саут-Платт дарыяларынын кошулушунан баштап узундугу 510 км; Норт-Платттын башатынан 1500 кмден ашык. Алабынын аянты 241 миң км2. Орточо чыгымы 150 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Норт-Платт дарыясында суу сактагыч курулган. ГЭС бар. Саут-Платт дарыясынын боюнда Денвер шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]