Пневмосклероз

Википедия дан

Пневмосклероз — өпкөнүн кадимки тканынын ордуна туташтырма ткань өсүп, катууланып, анын нормалдуу функциясынын бузулушу менен мүнөздөлгөн оору.

Бул оорунун пайда болушунда инфекция (бактериялар, вирустар, туберкулёз таякчасы) негизги роль ойнойт.
Пневмосклероз өпкөнүн сезгениши жана туберкулёзунан кийин алардын ордуна пайда болот. Анын пайда болушуна көбүнчө балдардын грипп, кызылча, көк жөтөл менен оорушу себеп болот. Бул оорулар биринчиден бронхит оорусуна алып келет. Ал эми бронхит болсо Пневмосклероз оорусунун негизги себеби.

Ошондой эле бул ооруга ар түрдүү зыяндуу өнөр жай заттары, тамеки чегүү, өпкөнүн травмага учурашы, ууландыруучу заттар (согуш убагында) себеп болот.
Пневмосклероздо өпкөнүн серпилгич тканы туташтырма тканга айлангандыктан катуу болуп калат.
Пневмосклероздун таралган (диффузиялык) жана очоктуу (чектелген) формалары белгилүү. Пневмосклероздун таралган түрүндө дем кыстыгат (алгач кара жумуш иштегенде, кийин тынч турганда деле), өпкө эмфиземасы пайда болгондуктан көгөрөт, дем алуу бузулуп, гипоксияга алып келет. Очоктуу Пневмосклероздо мындай дем алуунун бузулушу билинбейт, бронхоэктаз болушу мүмкүн.
Пневмосклероздо жөтөлөт, сасык какырык чыгат, кабылдаганда денеси ысыйт. Капталы ооруйт, деми кыстыгат.

Дарылоо консерватив жолу менен жүргүзүлүп, какырык чыгаруучу жана жүрөк дарылары берилет. Бул оорунун алдын алууда өпкөнүн инфекция оорусунан сактанып, эгерде оору пайда болсо өз убагында дарылоонун мааниси чоң.
өпкөнүн сезгенишин жана бронхит ооруларын абдан кылдаттык менен дарылоо да маанилүү. Организмди аллергияга чалдыктыра турган факторлордон сактануу, ар кандай дарыларды баш аламан колдонбоо сунуш кылынат. Дем алуу жолунда инфекция болсо өз убагында дарылап, жок кылуу маанилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8