Өпкө эмфиземасы
Өпкө эмфиземасы (байыркы грек тилинен ἐμφυσάω — үйлөйм, шишийм) — өпкө альвеоласына аба толуп, кеңейүү менен мүнөздөлүүчү оору.
Оору тууралуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өпкөнүн айрым жеринин (чектелген), диффуздук (жайылган), өнөкөт жана катуу кармаган болуп айырмаланат. Өнөкөт диффуздук өпкө эмфиземасы көп кезигип, демейде 40—50 жаштагы эркектер ооруйт. Өпкө эмфиземасынын бул түрү өнөкөт бронхит, бронх астмасы, пневмосклероз же пневмокониоз жана башкалар бронх жана өпкө ооруларынын кабылдоосу катары пайда болот. Бул ооруларда бронхтун аба өткөргүчтүгү бузулуп, дем алгандагы кирген аба кайра толук чыкпай, өпкөнүн көлөмү чоңоюп, альвеола чоюлат. Бул учурда өпкө ткандарынын бузулушу өпкө вентиляциясынын жана өпкө кан айлануусунун бузулушуна алып келет. Оору көпкө созулат. Демигүү, аба жетпегендей сезим оорунун алгачкы белгилери болуп эсептелет. Алгач дем кыстыгуу оор жумуш иштегенде же катуу жүгүргөндө байкалат. Бара-бара демигүү күчөп, тынч отурганда да оорулуу кыйналат. Оору күчөгөндө оорулуунун өңү, өзгөчө бети, мурду, ээрди кара кочкул көк болуп кетет (цианоз). Көкүрөк клеткасы кеңейип, челек сымал формада болуп калат. Бул ооруну аныктоодо врачтын атайын текшерүүсүнөн тышкары рентген, функциялык мегоддор колдонулат. Дарылоону врач жүргүзөт, барыдан мурда тамеки чегүүнү таштоо керек. Какырык чыгаруучу жана дем алууну жеңилдетүүчү чаралар колдонулат. Ал үчүн айыктыруучу гимнастиканын атайын көнүгүүлөрү, жөө жүрүү (Терренкур) сунуш кылынат. Кургак жана жылуу климаттуу курорттордо дарылоо жакшы натыйжа берет.
Алдын алуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Алдын алууда өпкө жана бронх ооруларын өз убагында аныктап, аларды туура дарылоонун мааниси чоң.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8