Мазмунга өтүү

Подольск

Википедия — ачык энциклопедия

Подо́льск — шаары Орусия Федерациясынын, Москва облусунун Подольск районунун административдик борбору болуп саналат. Подольск шаары Москва дарыясынын куймасы болгон Пахра дарыясында жайгашкан. Москва шаарынан 36 км аралыкта, ал эми МКАДдан 15 км алыстыкта. Түндүк жагынан Щербин, түштүгүнөн Климовск менен чектешип турат. Шаардын жалпы аянты — 40,04 км², калктын жыштыгы — 312 миң адам (2025-жылы). Москва облусунун ири өнөр жай жана маданият борбору болуп саналат.

XVIII кылымда москвалык Данил чиркөөсүнө тийиштүү болгон Подол кыштагынан уюшулган шаар. Шаар статусу — 1781-жылы ыйгарылган. 1971-жылы Эмгек Кызыл Туусу менен сыйланган.

Учурдагы Подольск

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XXI кылымдын башында Подольск — Москва облусунун ири өнөр жай борбору болуп саналат. Территориясында ондогон көп кырдуу ири өнөр жайлар болгон. Ошону менен бирге эле, Подольск илимий жогоркутехнологиялык шаар: анда атомдук изилдөөлөр боюнча, жалпы Орусияга таандык көптөгөн илимий мекемелер жайгашкан. 1992-жылдан баштап Подольскто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча соода-өнөр жай палатасы уюшулган.

2001-жылдын 1-майында шаарда троллейбус каттамы ачылган. Учурда Подольскто төрт шаардык каттам бар.

2006-жылы шаар өзүнүн 225 жашын белгиледи.