Познань

Википедия дан
Познань.

ПознаньПольшанын батыш бөлүгүндөгү шаар. Варта дарыясынын боюнда жайгашкан. Познань воеводдугунун административдик борбору. Калкы 552,7 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Улуу Польшанын байыркы шаары. 10–11-кылымдарда поляк княздарынын резиденциясы болгон. 1815- жылдан Познань улуу княздыгынын борбору. Познань көтөрүлүшүнөн кийин 1918–19-жылдары кайрадан түзүлгөн Полыпа мамлекетинин курамында. Өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борбору. Машина куруу, тамак-аш, резина, парфюмерия, айнек, жеңил, полиграфиялык өнөр-жай ишканалары иштейт. Готика стилиндеги костёл (анын ичинде 13–15-кылымдарга таандык собор), ренессанс стилиндеги ратуша (13–16-кылымдар), турак-жайлар (16–19-кылымдар), иезуит комплекси сакталып калган. Университет, медициналык академия, театрлар (анын ичиндеопера), музейлер (анын ичинде улуттук, археологиялык) бар. Жыл сайын эл аралык ярмаркалар өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]