Полесье

Википедия дан

ПолесьеЧыгыш Европа туздугунун батышындагы ойдун жана тарыхый-маданий аймак. Беларуссиянын түштүк облустарын Беларус Полесьеси, Украинанын түндүгүн Украин Полесьеси, РФтеги бир бөлүгү Брянск-Жиздра Полесьеси жана Польшадагысы Батыш Полесье деп аталат.

Аянты 270 миң км2, бийиктиги 316 жге (Овруч дөңсөөсү) чейин. Өтө нымдашкан кумдуу түздүктөр мүнөздүү; көл, саздар көп. Аймагынын көп бөлүгүн токой (негизинен кызыл карагай, эмен, кайын ж. б.) ээлейт. Негизги дарыялары: Припять, Днепр, Десна. Жер астындагы суулары жер бетине өтө жакын жайгашып, мелиорация иштери жүргүзүлүп турат. Аймагынын көпчүлүк бөлүгү айдалып, дан эгиндери, жашылча ж. б. өстүрүлөт. Нефть, күрөн көмүр, чым көн, калий туздары казылып алынат. Полесье Байыркы Европага мүнөздүү болгон ландшафттардын табигый түрдө сакталып калгандыгы менен уникалдуу. Анын аймагында токой, көл жана саз экосистемалары коргоого алынган бир нече коруктар (Беловежа чер токою, Шацкий ж. б.), улуттук парктар уюштурулган. 2012-ж. алардын ирилери бириктирилип, Батыш Полесье коругу (аянты 263 миң га) аталган. Ал дүйнөдөгү 3 өлкөнүн (Полына, Украина, Беларуссия) коргоосуна алынган жалгыз корук болуп саналат;

  1. түнт токойлуу жана кумдуу түз жер. Байыркы материктик муз каптаган аймактардын чет жакасында жайгашып, Европанын түштүк тайга, аралаш жана жазы жалбырактуу токой зонасында таралган. Полесьеде саз, көл көп болуп, начар өздөштүрүлгөн. Бул типтеги ландшафттар Полесье, Мещёра ойдундарында, ошондой эле Түштүк Канадада, АКШнын түндүк аймактарында кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]