Поликристаллдар

Википедия дан

Поликристаллдар — кээ бир заттардын майда кристаллдар агрегаты; ал формасынын туура эместигинен кээде кристаллит же кристалл бүртүкчөлөрү (зерносу) деп аталат.

Көпчүлүк табигый жана жасалма материалдар (минералдар, металлдар, куймалар ж. б.) Поликристаллдар болушат.

Поликристаллдардын касиети аны түзгөн кристалл бүртүкчөлөрүнүн касиетине, алардын орточо өлчөмүнө, кристаллографиялык ориентациясына (багытталышына) жана бүртүкчөлөрдүн тийижкен орундарындагы структурасына байланыштуу.

Эгер бүртүкчөлөр ирээтсиз багытталып, алардын өлчөмдөрү Поликристаллдардын өлчөмдөрүнөн кичине болсо, анда Поликристаллдарда монокристаллдарга мүнөздүү болгон анизотропия болбойт.

Поликристаллдар кристаллдашуудан, полиморфтуу айлануудан жана кристалл күкүмдөрүн бышыруудан пайда болот. Поликристаллдардын монокристаллга Караганда туруктуулугу аз, ошондуктан аны узак сугарууда (отжиг) бүртүкчөлөр улам биринин эсебинен экинчиси чоңоюп, ири кристалл блогун пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.