Полимерлерди пластификациялоо

Википедия дан

Полимерлерди пластификациялоо - төмөнкү молекулалуу заттарды - пластификаторлорду кошуу менен полимерлердин касиеттерин өзгөртүү.

Полимерлерди пластификациялоодо алар жумшарып, иштотүүгө ийкемдүүлүгү жана чоюлгучтугу өсөт. Пластификаторлор полимерлердин суукка, жарыкка, ысыкка туруктуулугун ж. б. баалуу касиеттерин жогорулатат. Пластификатор катары химиялык инерттүү полимер менен жакшы аралашуучу заттар колдонулат. Кенири таралган пластификаторлорго органикалык жана органикалык эмес кислоталардын эфирлери, нефть майлары, канифоль, өсүмдүк майлары ж. б. кирет.

Полимерлерди пластификациялоо пластмассаларды иштетүүдө, резиналарды, лак-боёкторду алууда чон мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.