Поллиноз

Википедия дан
Чаңча-оорунун этиологиялык козгоочусу

Поллинозөсүмдүк чаңчаларынан пайда болуучу аллергиялык оору.

Мезгили жана себеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен өсүмдүктөр гүлдөгөн мезгилде болот. Анда мурун бүтөт, көздөн жаш агып, кычышат, муунтуп, бронх астмасы кармайт. Ооруга көбүнчө шамал аркылуу чаңдашуучу өсүмдүктөрдүн абага таралган чаңчалары дуушар кылат. Чаңчалар мурундун же көздүн чел кабыкчаларына кирип, организмде аллергиялык реакцияны пайда кылат (Аллергия). Ар бир климаттык-географиялык райондо чаңчалары поллиноз оорусуна дуушар кылуучу өсүмдүктөр бар. Айыл жеринде өсүмдүк чаңчасы көп болгону менен ооруга негизинен шаардыктар чалдыгат. Шаардын абасындагы көптөгөн чаң, химиялык, заттар дем алуу жолдорун дүүлүктүрүп, чаңчаны өткөргүчтүктү күчөткөндүгү менен түшүндүрүлөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Поллинозду дарылоону аллерголог врач жүргүзөт: оору козгогуч чаңчалардын түрүн аныктап, ага организмдин сезгичтигин төмөндөтүү жүргүзүлөт, аллергияга каршы дары каражаттарын белгилейт. Оорулуулар өсүмдүктөр гүлдөгөн учурда чаңчалардын дем алуу жолдоруна кирүүсүнөн, көзгө түшүүсүнөн (коргоочу айнектер менен) сактануу зарыл. Оору ырбап кетсе жер которуу сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8