Көз айнек

Википедия дан
Алыстагыны көрбөгөндүктү коррекциялоочу көз айнек

Көз айнек — көздүн көрүү кемчилигин оңдоо жана коргоо үчүн колдонулуучу оптикалык прибор.

Көз айнек таңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эки линзадан жана аны кармап туруучу эки алкактан турат. Алкагы темир же пластмассадан жасалат. Кадимки көзгө түшкөн жарык нуру көздүн торчосунда кесилишип, ошол торчодо сүрөттөлүш пайда болгондо нерсе даана көрүнөт.

Кемчилиги бар көздө жарык нуру көздүн торчосуна жетпей кесилип, нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосунун алдында болот. Мында адам жакын нерсени жакшы көрүп, алыстан начар көрөт. Кай бир учурда нерседен түшкөн жарык көз торчосунан өтүп кесилет. Мындай нерсенин сүрөттөлүшү көз торчосунун артында пайда болуп киши жакындан начар, алыстан жакшы көрөт.

Томпок линза[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көздүн мындай кемчилигин коррекциялоочу көз айнек менен оңдоого болот. Адатта жарык нуру бирдей чөйрөдө түз таралат. Бир чөйрөдөн экинчи чөйрөгө өткөндө жарык нуру өзүнүн багытын өзгөртөт, башкача айтканда сынат. Жарык нуру томпок линза аркылуу өткөндө линзадан өтүп бир чекитке (фокуска) чогулат. Мындай линза чогултуучу деп аталып, оң ( + ) белгиси менен белгиленет.

Иймек линза[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иймек линза аркылуу жарык нуру чачырайт. Ал чачыратуучу линза деп аталып, терс (—) белги менен белгиленет. Эки жагы иймек линзалуу көз айнекти алыстан начар көрүүдө, ал эми жакындан начар көрүүдө эки жагы томпок чогултуучу линзалуу көз айнек сунуш кылынат.

Цилиндр сымал линза[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мындан сырткары чогултуучу жана чачыратуучу касиети бар цилиндр сымал линзалар белгилүү. Ал астигматизмде колдонулат. Айрым учурда бир эле убакта алысты да, жакынды да жакшы көрсөтүүчү көз айнек колдонсо болот. Ал үчүн көз айнектин үстүңкү бөлүгүна алысты жакшы көрсөтүүчү, төмөнкү бөлүгүнө жакынды жакшы көрсөтүүчү айнек салынат.

Контракттуу линза[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки көздүн көрүү күчүндө чоң айырма болсо же бир көздүн чечекейи жок учурда контакттуу линзалар коюлат. Контакттуу же кыналма линза пластмассанын эң жакшы (атайын) түрүнөн жасалат. Анын эки көздүн тең көрүүсүн жакшыртуу менен косметикалык жактан артыкчылыгы бар. Линзаны 4—6 саат тагынып, анан алып таза сактоо керек.

Мындан сырткары телескоптуу көз айнек бар. Ал көз торчосу менен көрүү нервинин жабыркашынан өтө начар көргөндө колдонулат. Мындай көз айнектин чогултуучу жана чачыратуучу линзалары болуп, алар жалпы бир алкакка бекип, дүрбүгө окшоп турат.

Догдурга кайрылуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көрүү бузула баштаганда көз догдурга кайрылып, догдур көз айнек жазып берсе сөзсүз пайдалануу керек. Туура тандалган көз айнек көрүүгө нормалдуу шарт түзөт. Көз айнекти талап кылган менен аны пайдаланбаган адамдардын башы дайым ооруйт жана көз оорудан жапа чегишет. Бул көздүн ички жана сырткы булчуңдарынын аябай чыңалуусу менен байланыштуу. Көздүн талышы ишке жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт. Айрыкча мунун балдар үчүн мааниси чоң.

Көз айнекти тагынууда айрыкча оңтойсуздук сезилгенде аны текшертүү үчүн догдурга көрүнүп туруу зарыл. Туура эмес тандалган же башка бирөөнүн көз айнектин тагынуу көздү начарлатат. Көз айнектин так ортосу көзгө дал келгендей, эки көзгө туура жана бирдей аралыкта болуу керек. Анын тарткычы чыкыйдын жана кулактын артын кыспагандай болуусу тийиш. Көз айнек кыйшайбай, таянгыч таманчасы мурундун капталына туура келгендей болгону жакшы. Көз айнекти жумшак чүпүрөк (момосуй, замш жана башка) менен сүртүп, атайын кутуга сактоо керек.

Коргоочуу көз айнек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коргоочу көз айнек көздү урунуудан, механикалык жана химиялык заттардан, күн нурунан сактоо менен көрүүнү начарлатпоого тийиш. Мындай көз айнек бетке тыкыс жабышып, терини дүүлүктүрбөгөндөй, аба кирип тургандай, жеңил болушу зарыл. Көздү күн нурунан сактоо үчүн айрыкча жайында күңүрт көз айнек экскурсия учурунда, альпинисттер, ошондой эле пляжда пайдалануу сунуш кылынат. Күчтүү инфракызыл нурлануу менен байланышкан иште иштеген (айнек үйлөткүчтөр, болот эритүүчүлөр, ысык цехте иштеген жумушчулар) кишилер атайын коргоочу күңүрт көз айнек тагынуусу зарыл[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Селексии кантип тандоо очки