Экскурсия

Википедия дан

Экскурсия (лат. excursio – жол жүрүү) – окуу, тарбия ишин уюштуруунун бир калыпы. Мында жаратылышка, музейге ж. б. табыгый шарттын тиричилик аракетиндеги бир бүтүн турпатын кабыл алуу, үйрөтүү үчүн ал жерге окуучулар атайын даярдалып, уюшуп барат. Мында окуучуларга өз алдынча изденүүгө, изилдөөгө, байкап талдоого шарт түзүлөт. Ошондуктан мектеп пайда болгондон баштап эле экскурсияга сабак сыяктуу көңүл бурулат.

Улуу франциялык ойчул Ж. Ж. Руссо 18-кылымда эле анын тарбиялык маанисин далилдеп, аны мектепке киргизүүнү негиздеген. Ал өзүнүн эмгектеринде (1762-ж.) мамлекет да, мектеп да табияттын мыйзамын үйрөнүп, ошого негизделүү керектигин белгилеген. Тарбияны жаратылыш шартында алып баруу баланын табигый өзгөчөлүгүн билүүгө мүмкүндүк берет дейт да, же ар бир адамдын өзгөчөлүгү анын айлана-чөйрөдөн келип чыгарын белгилейт. Ошондуктан бала жаратылыш менен бир болуп, өзүн эркин сезип, өз алдынча ой жүгүртүп, өз жөндөмүн өнүктүрүүдө экскурсия зор роль ойной турганы көпчүлүк педагогдор, методисттер (Б. Е. Райков, Н. М. Верзилин, Н. А. Рыков) тарабынан изилденип аныкталган.

Экскурсия көпчүлүк учурда бир эле сабактын ичинде өтөт. Эгерде биология, география, физикалык материалдар бир темага бириктирилсе, анда комплексттик болот.

Экскурсияга баруу, ага педагогдун даярдыгы жана анын окуучулардын да даярданышынан башталат. Ал эми экскурсия өткөрө турган жерге баргандан кийин аны өткөрүү төмөн-дөгүдөй тартипте:
1. Экскурсия өтө турган аймакты мүнөздөө (географиялык абалы, биргелештик (орус. сообщество) шартты ж. б.
2. Максаты аныкталат.
3. Нуктаны тиешелүү материал сабак өткөндөй эле түшүн-дүрүү.
4. Өз бетинче ишти уюштуруу.
5. Окуучулар 20–25 мүнөт материал чогултушат, байкоо жүргүзүшөт.
6. Чогулган материалдарды топ-топ (орус. группа) болуп отурушуп кайрадан иштеп чыгышат.
7. Эсеп үчүн тапшырма алышат.
8. Тамактанып түш-төнүшөт жана сөзсүз түрдө ар түрдүү ыр-бий менен коштолуучу кызыктуу оюн өткөрүлөт.
9. Бул экскурсиянын жыйынтыгы (көргөзмө конкурс өткөрүү менен кийинки жумаларда) мектепте чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004