Дүрбү
Appearance
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/6a/Porro_binocular.jpg/200px-Porro_binocular.jpg)
2-3-Призма
4-Окуляр
Дүрбү, турнабай – алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал.
Мында линзалар системасынын жардамы менен көрүү бурчу чоңоёт. Галилей дүрбүсү менен призмалуу дүрбүгө бөлүнөт.
Галилей дүрбүсүнүн объективинин фокус аралыгы оң, окулярдыкы – терс мааниде болуп, нерселердин туура сүрөттөлүшүн берет.
Призмалуу дүрбүнүн ар бир түтүгү объективден, призмадан жана окулярдан түрат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов