Поллюция

Википедия дан

Поллюция (латын тилинен pollutio — булгоо, кирдетүү) — эркектин эрендигинин (уругунун) көбүнчө уктаган мезгилде жыныстык катнашуусуз эле өзүнөн-өзү куюлушу (эякуляция).

Мезгили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бойго жеткен эркек балдар уктаганда түш көрүп жатканда жумасына бир жолу же чоң кишилерде узак убакытка жыныстык катнашуу болбой калганда болушу мүмкүн. 14—15 жаштагы өспүрүмдөрдө поллюциянын болушу жыныстык жетилүүсүнүн белгиси болот. Кээ бир өспүрүмдөр жыныс мүчөнү колу менен кармалап, ушалап дүүлүктүрүп поллюция пайда кылат, бул жаман адатка өтүп кетиши ыктымал (Онанизм). Айрым күчтүү дүүлүктүргүчтөрдүн (мисалы, коркуу, транспорттук дирилдөө, дене тарбия сабагында түрдүү көнүгүүлөрдү аткаруу жана башкалар) таасиринен да эякуляция болот. Чоң кишилерде чаалыгып-чарчоо, ал кетүү, баш оору, уйку качуу менен бирге, кээде поллюция убагында уруктукка кан аралаш болсо, ички жыныс бездеринин оорусун аныктап, дарылоо жүргүзүлөт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8