Полотов Улукмырза

Википедия дан

Полотов Улукмырза [3. 10. 1943-жылы туулган, Жалал-Абад областы, Жаңы-Жол (азыркы Аксы) району, Улук айылы] – ырчы (баритон), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1987). Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999), профессор (2004). III даражадагы Манас орденинин ээси (2015)

М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын (1968), Б. Бейшеналиева атындагы КМИИни (1973) бүтүргөн. 1960–62-жылдары Аксы районундагы Кош-Төбө колхозунда эсепчи болуп иштеген. Педагогикалык жана чыгармачылык ишмердиги студент кезинде эле башталган. 1994–98-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде, 1996–98-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясында окутуучу, 1998-жылдан консерваториянын салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы, 1973–2005-жылдары Кыргыз мамлекеттик Т. Сатылганов атындагы филармониянын солисти, 2005-жылдан К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу. Полотов «Ак зыйнат», «Арпанын Ала-Тоосунан», «Күңөтай», «Даанышман», «Айнагүл», «Кызыл жоолукчан», мындан тышкары орус эл ырларын («Коробейники», «Ах, ты душечка», «Ночь», «Ямщик» ж. б.), ошондой эле корей, моңгол, румын ж. б. тилдердеги чыгармаларды жогорку чеберчиликте аткарат. Аткаруучулук чеберчилигинин өзгөчөлүгү – өзү аткарган ырларды өзү комуз менен коштойт. Полотов улуттук опералардагы негизги партияларды – Искендердин (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Ажал ордуна»), Токтогулдун (М. Абдраев, В. Веприк, А. Малдыбаев, «Токтогул»), Сапарбайдын (Н. Давлесов, «Аста секин, колукту»); ошондой эле дүйнөлүк опералардан арияларды жана үзүндүлөрдү – Жермон (Ж. Верди, «Травиата»), Фигаро (Ж. Россини, «Севильялык чачтарач»), Мизгер (Н. Римский-Корсаков, «Аяз кыз»), кыргыз жана орус композиторлорунун романстарын (М. Абдраев, «Жалыныңа күйгөнмүн»; Т. Эрматов, «Кызыл гүл», К. Молдобасанов, «Селкиге», «Пахтачы кыздын ыры»; С. Осмонов, «Кош», «Булакта», «Эрмегим»; А. Жаныбеков, «Түндө»; 0. Турсуниязов, «Өмүрүмө», «Сен болбо»; П. Чайковский, «Дон-Жуандын серенадасы», «Булбул»; С. Рахманинов, «Түш»; М. Глинка «Рыцардык романс» ж. б.) да чебер аткарат. Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн. Орто Азия республикалары жана Казакстан вокалисттер конкурсунун лауреаты (1972). Алжир, Мозамбик, Румыния, Камбоджа, Корея, Кытай, Түркия ж. б. чет мамлекеттерде гастролдо болгон. КТРКнын Алтын казынасынын фондусунда анын аткаруусунда 100дөн ашуун ыры бар. Полотов жөнүндө О. Шакир «Булбулдардын устаты» (2011) бейнесин жараткан. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]