Жаныбеков Алтынбек

Википедия дан

Жаныбеков Алтынбек - (15. 6. 1934-ж. туулган‚ Чүй облусуАламүдүн району‚ Ала-Арча айылы) – композитор‚ Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1979)‚ КРдин эл артисти (1995). М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореография окуу жайын (1957)‚ Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын теориялык-композитордук факультетин (1962) бүткөн. 1957-жылдан Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү. 1962–65-ж. Кыргыз CCР мамлекеттик радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор‚ бир эле мезгилде Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайында окутуучу‚ 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде доцент‚ профессору‚ 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Жаныбеков ар кандай жанрдагы 250дөй чыгармаларды‚ анын ичинде кыргыз музыкасынын тарыхында биринчилерден болуп фортепиано жана оркестр үчүн концерт жазган. Чыгармаларында элдик музыкалык ыргактарды чебер пайдаланат. Көлөмдүү симфониялык чыгармалардын («Т. Cатылгановдун эстелигине»‚ «Ата журт»)‚ симфониялык поэмалардын («Д. Шопоковдун эстелигине»‚«Менин Кыргызстаным»)‚ симфониялык сүрөттөмөнүн («Ак алтындуу айылда»)‚ симфониялык бийлердин‚ симфониялык увертюралардын‚ кантаталардын («Даңктан‚ Кыргызстан!»‚ «Кыргыз элине даңк!»)‚ сонаталардын‚ ырлардын‚ романстардын («Жаштар маршы»‚ «Түндө»‚ «Аккуу»‚ «Издейм сени» жана башка)‚ камералык-аспаптык чыгармалардын‚ хорлордун автору‚ спектаклдерге («Караш-Караш»‚ «Балдар бойго жеткенде») музыка жазган. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1