Полохрум сары аарысы

Википедия дан

Полохрум сары аарысы (Polochrum pamirepandum), (Kurzenko, 1986) - Зоогеография жана генофондду сактоо аспектилери боюнча илимий мааниги ээ. Белгилүү болгон экинчи түрү ( P. repandum) Түштүк Европада, Закавказңеде жана дагы бир катар өлкөлөрдө коргоого алынган . Түркүмдүн эң ири өкүлү биоценозду жөнгө салуу менен эстетикалык мааниси чоң.

Түр дүн жетилг ен стадиясынын сырткы тү зүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Денесинин узундугу 16–21 мм орто көлөмдөгү сары аары, ургаачысы эркегинен бир топ чоң, экөө тең сыртынан окшош. Башы чоң, көкүрөгүнөн бир аз ичкерээк, 1,6 эсе узунунан эңдүүрөөк. Мурутчаларынын жогору жагы каралжын, 3,1 эсе башынан узунураак, эркектери кичинекей жогорку 13 бөлүкчөсү менен. Алдынкы аркасы туурасынан узуну үч эсе узун, түз, арт жагынан тилинген, капталдарындагы тегуларына жетип турат, көкүрөгүн узундугу турасынан 1,5 эсе узун, курсагы – 2,1 эсе. Денеси саргыч түк менен капталганы байкалат, көкүрөгү одуракай чекиттүү. Курсагы жыш жана майда чекиттелген. Жалпысынан өңү-түсү кадимки сары аарыдай, денесинин жалпы түсү кара жана сары; чайнагычы, маңдайкы мурутчалары, көздөрүнүн үстүндөгү жана көз чуңкурундагы темгилдери, калканчасынын четтеринде жуптуу темгили, тергиттери менен стерниттеринин четтеринде жазы тасмасы бар, алардын биринчи үчөөнүн орто жерлери үзүлгөн жана буттары тизесинен тартып жылаңач. Канаттары саргыч- күрөң, алдынкылары радиомедиалдуу үчтөн ячейкалуу.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анда-санда кездешет, жетишерлик изилденген эмес. P. pamirepandum Гиссартоо кыркаларынын Кондар жана Батыш Памирден (Тажикстан) 3–4 жерден табылып баяндалып жазылган ; Кыргызстан үчүн [12: «P. repandum Spin.»] Чаткалтоо кыркаларынын Хожоата капчыгайынан белгилүү, ошондой эле Өзбекстан менен чектеш Каржантоо кыркаларынан, бирок 60 жылдан бери катталган эмес .

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда – деңиз денгээлинен 1100 бийиктик алкагында – суу жээктеген жазы жалбырактуу ачык жерлери бар токойлордо кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көлөмүнүн чоңдугуна карабастан өтө сейрек жалгыздан кездешүүчү сары аары. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Полохрум сары аарысы – жыгач-уста аарыларынын X yl ocopa Latr. уяларынын жалгыздаган инквилиндери. P. pamirepandum ээси өлүү жыгачтарда уялаган бир кыйла ири X. valga Gerst. Ээсинин уясында же анын жанында өзүнүн коконунда кыштайт, кокону тыкыс, туура эмес шар түрүндө, кара-күрөң, жылмакай, бир аз жылтырак . Коллекциялык маалыматтар боюнча, имагосунун учуусу июндун башына чейин жүрөт. Июндун ортосунда токойлордун ачык жерлеринде эркектери жана ургаачылары югандын (чатырдуулар тукумундагы Prangos pabul aria Lindl.) гүлдөрүндө кездешет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Санитардык кыркуулар, пестициддердин пайдаланышы; Кыргызстанда табылган жерлериндеги гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн интенсивдүү чабылышы, имбридингдин натыйжасында тукум курут коркунучун туудурат жана стенобионттулүгүн. Табигый душмандары, атаандаштары, оорулары жана митечилигинин экологиялык өзгөчөлүктөрү изилденген эмес.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

P. pamirepandum эч жерде корголбойт. Жердеген жерлери Сарычелек биосфералык коругунун эң төмөнкү бийиктик алкагында формалдуу түрдө коргоо киргизилген .

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сарычелек коругунун төмөнкү буфердик зонасындагы чоң дарактардын карган бутактарын кесүүгө тезинен тыюу салуу, суу жээгиндеги ачык жерлерди, токой массивдеринин четтериндеги аянттарды кеңейтүү.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

II категория (VU B2ab(iii); C2b; D2). Азыркы фаунада таралышы кыскарып бара жаткан байыркы түркүмдүн ортоазиялык сейрек кездешүүчү эндемикалык түрү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]