Помидорлор

Википедия дан
Помидор (лат. Solanum lycopersicum).
Помидорлор.

Помидорлор (лат. Solanaceae) - өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.

Чөп, кээде бадал, ал эми тропикте лиана жана анча чон эмес дарак. Жалбырактары кезектешип жайгашкан, жан жалбыраксыз. Эки жыныстуу гүлү жалгыздан же топ гүлгө чогулган. Гүл чөйчөкчөсү 5 айчыктуу же 5 бөлүктүү; желекчеси 5 айчыктуу. Мөмөсү - жемиш же кутуча, кээде данектүү. Помидорлордун 80-90 уруусу (2,5 миңге жакын түрү) тропик, субтропик, жана мелүүн алкактарда, ошондой эле Түштүк Америкада өсөт.

Кыргызстанда 29 түрү кездешет. Эн маанилүү уруулары: паслен, тамеки, лициум ж. б. Помидорлорго айдама өсүмдүктөр; картошка, томат, калемпир, тамеки, махорка, о. эле медицинада дары катары пайдаланылуучу меңдубана, чочко жангак ж. б. кирет. Кооздук үчүн физалис ж. б. өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.