Попова Ульяна Григорьевна
Көрүнүш
Попова Ульяна Григорьевна (6.02.1911, азыркы РФ, Саратов областы, Пугачев шаары – 1977, Чүй областы, Калинин (азыркы Жайыл) району) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Эмгек жолун 1928-жылы жумушчу болуп баштаган. 1936-жылдан Калинин районундагы «Красный Восток» колхозунда кант кызылчасын өстүрүүчү звенонун болуп иштеген. Анын звеносу 1947-жылы 2 га жердеги кант кызылчасынын гектарынан 925 цден түшүм алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9