Популяциялык жарылуу

Википедия дан
Европа жапайы үйкоёндор (Oryctolagus cuniculus), Австралия, 1938.

Популяциялык жарылуу - кандайдыр бир түрдүн санынын тез аранын ичинде өтө көп өсүп кетиши.

Популяциялык жарылуу чөйрөнүн антропогендик таасиринен, тең салмактуулукту жөнгө салып туруучу механизмдердин бузулушу сыяктуу түрдүү себептерден болот. Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасында популяцияга чөйрөдө өтө жагымдуу шарт түзүлөт, тукумдуулук көбөйөт, өлүмчүлүк аз болот, жаш организмдердин жашап кетүү мүмкүнчүлүгү өсөт. Бирок бул процесс көпкө созулбайт жана мезгил-мезгили менен кайталанып турушу мүмкүн. Айрыкча кемирүүчүлөрдө жана курт–кумурскаларда бул жакшы байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4