Мазмунга өтүү

Портто

Википедия — ачык энциклопедия
Портто
РежиссеруЭлиа Казан
ПродюсерСэм Спиегел
СценарийиБадд Шулберг
ОператоруБорис Кауфман
НегизиндеСунуштаган
"Порттогу кылмыш"
(1948-ж.гезит макаласы)
Малколм Жонсон
ТартылгандарМарлон Брандо
Карл Молден
Ли Жей Кобб
Род Стайгер
Эва Мари Сейнт
МузыкасыЛеонард Бернстайн
РедакторуЖин Милфорд
СтудияHorizon Pictures
ЖайылтуучуColumbia Pictures
Чыккан жылы
  • июль 28, 1954 (1954-07-28)
Узактыгы108 мүн.
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$910,000
Киреше$9.6 млн

"Портто" (англ. On the Waterfront, орус. В порту) - 1954-жылы Элиа Казан тарткан америкалык кылмыштык драма. Сценарийин Бад Шулберг жазган. Тасмага Марлон Брандо, Карл Малден, Ли Ж. Кобб, Род Стайгер, Пэт Хенниң жана Эва Мария Сейнт тартылышкан. Музыкасын Леонард Берштейн жазган. Тасманын идеясын 1948-жылдын ноябрь-декабрь айларында "Нью-Йорк Сан" гезитине "Порттогу кылмыш" аттуу сериялуу макала жарыялаганы үчүн 1949-жылы "Пулитзер" сыйлыгына татыган Малкольм Жонсон сунуштаган. Бирок тасма окуясы сценарист Бадд Шулбергдин башынан өткөн окуянын негизинен алынган. Тасма Нью-Жерсинин Хобокен шаарынын порт жээгиндеги зөөкүрдүк, паракорчулук, зордук-зомбулукту чагылдырган окуяны баяндайт.

"Портто" абдан ийгилик жараткан тасма делип 12 жолу Оскар сыйлыгына татыган. Анын ичинен "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты актер", "Эң мыкты экинчи пландагы актриса", "Эң мыкты режиссер" ж.б. 8 сыйлык утуп алган. 1997-жылы америкалык фильм институтунун (АФИ) бардык мезгилдеги эң мыкты Америка фильми рейтингинде 8-орунду ээлеген, ал эми 2007-жылы ушул эле институттун рейтингинде 19-орунга ээ болгон. Бул Бернштейндин ыр коштолбогон жалгыз түпнускалуу тасмасы.

1989-жылы "Порттогу" тасмасы Конгресс китепканасы тарабынан "маданий, тарыхый жана эстетикалык баалуу" деп табылып, АКШнын улуттук кино реестринде сакталууга тандалып алынган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]