Пославский Илья Титович

Википедия дан

ПОСЛАВСКИЙ Илья Титович (1853–1914) – Түркстан археол. сүйүүчүлөр ийриминин жетекчилеринин бири.
Кесиби боюнча инженер.
1903-жылдан Түркстан аскер округунда инженерлер начальниги болуп иштеген.
1903-ж. край таануучу-сүрөтчү Н. Г. Хлудовдун Саймалыташ тууралуу маалыматынан кийин аска бетиндеги сүрөттөргө ынтызарланып, биринчилерден болуп жердин тоо тектери, климаты, сүрөттөрдүн мүнөзү, сүрөттөрдү түшүрүүчү курал, сүрөттөрдүн доору боюнча өз пикирлерин калтырган.
Бардык сүрөттөрдү үч топко бөлүп караган: жаныбарлар, буюмдар, фигуралар; турмуш ж-а аңчылык көрүнүштөрү; шарттуу же идеографиялык сүрөттөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003