Потанин мөңгүсү
Көрүнүш
Потанин мөңгүсү – Алтайдагы эң чоң мөңгү, Табын-Богдо-Ола тоо массиви менен Моңгол Алтай тоолорунун кошулган жеринде, Моңголиянын аймагында. Узундугу 19 км, аянты 50 км2дей. Өрөөн мөңгүлөрүнүн тибинде. Этеги 2900 мге чейин төмөндөйт. Мөңгүдөн башталган суу Кобдо дарыясынын алабына кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9