Өрөөн мөңгүсү
Өрөөн мөңгүсү - жер бетининшартына ылайыкталган тоо мөңгүлөрүнүн бир түрү; төрлөрдө жайгашат.
Өрөөн мөңгүсүнүн морфологиясы менен жылмышуу багыты тоо өрөөнүнүн түзүлүшүнө толук баш ийет. Өрөөн мөңгүсүнүн төр жак бөлүгү толукталуу же фирн аймагы, таманы абляция (эрүү) аймагы делип ажыратылат. Бул эки бөлүктүн чеги кар чеги аркылуу өтөт. Кээде абляция бөлүгү мөңгүнүн тили деп аталат.
Өрөөн мөңгүсү тармактанган татаал, арта салынма жанa жөнөкөй мөңгүлөр болуп бөлүнөт. Көп төрдөн агып чыккан муз улам кошулуп, бир чоң мөңгүнү түзсө — тармактанган (дендриттүү), бир нече төрдүн музунан түзүлсө — татаал, бир толукталуу аймактан башталып, эки тарапка салаңдаган мөңгү — арта салынма, ал эми бир эле төрдүн музунан турса жөнөкөй мөңгү деп аталат. Ошондой эле толукталуу аймагынын жайгашышына жараша алып жана түркстан тибиндеги мөңгүлөр болуп бөлүнөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.