Практикалык тил илими

Википедия дан

Практикалык тил илими - тил илиминин түздөн түз практикада колдонулуучу бөлүгү.

Анын милдети: жазмасыз элдерге жазма түзүү жана аны өөрчүтүү; терминологиялык, орфографиялык, түшүндүрмө жана жалпы тилдик сөздүктөр түзүү; илимий-техникалык адабияттарды которуу; байыркы жазмаларды чечип окуу (дешифровка); тил үйрөтүү ыкмаларын өркүндөтүү; тамга таануучу жана китеп окуучу автомат (читающий автомат). маалыматтык илимий тил, «киши автомат» диалогун, жыштык (частотный) сөздүк, конкарданс, тезаурустарды түзүү.

Практикалык тил илиминде салттуу тил илиминин ыкмаларынан баштап математикалык структуралык тил илиминин ыкмалары, ЭЭМдер, спектрдик, интонографтык, осциллографтык приборлор, электрондук синтезаторлорго чейин колдонулат. Практикалык тил илиминдеги жаңы ыкмалар илимий-техникалык прогресстин таасири менен 50жылдардан тартып дүркүрөп өнүгө баштады. Ал теориялык тил илими, математика, физика (тилдин тыбыштык түзүлүшүн акустикалык ыкма менен изилдөө).Психология, семиотика, тарых, археология ж. б. илимдер менен байланышта өнүгүүдө.

Практикалык тил илими нетоддору медицинада (психиатрияда) оорулууларга диагноз коюуда, криминалисгикада аноним жазуулардын ээсин лингвистикалык статистика ыкмасы менен табуу жана кишини үнүнөн таануу сыяктуу иштерде колдонула баштады. Бул илимдин практикалык маселелерди чечүүдө пайда болгон айрым ыкмалары тил илиминдеги өзүнчө тармакка чейин өсүп жетти. Алар: трансформациялык грамматика, тилдик моделдер ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9