Премчанд

Википедия дан

Премчанд (чын аты-жөнү - Дханпатрай Шривастав; 31. 7. 1880, Ламхи, Бенареске жакын-8. 10.1936, Бенарес) - инди жазуучусу жана публицист.

Туңгуч аңгеме жыйнагы («Ата Журтту сүйүү») 1909-ж. жарык көргөн.

Премчанддын «Кечилдин сүйүүсү» (1922), «Майдан» (1925), «Кармаш талаасы» (1932), «Ажалы жеткен уй» (1936) романдарында, «Жети лотос» (1917), «Баатырдык сапар» (1932) жыйнактарында инди элинин турмушу, бийлик бажындагылардын зомбулугу реалдуу сүрөттөлөт.

Премчанд - урду жана хинди адабияттарында сын реализмди негиздөөчү, Индия прогрессчил жазуучулар ассоциациясын түзүүчүлөрдүн бири.

Классикалык орус адабияттын, Горькийдин чыгармаларын жогору баалаган, Л. Толстойдун 20дан ашык ангемесин хинди тилине которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.