Пржевальский кырка тоосу

Википедия дан

Пржевальский кырка тоосу, Аркатаг – Куньлундун борбордук бөлүгүндөгү кырка тоо, Кытайда. Узундугу 650 км, бийиктиги 7723 мге чейин (эң бийик чокусу Улуу Муз-Тоо). Негизинен гнейс, гранит, кумдуктардан турат. Тоонун бийик кырларында кар, мөңгүлөр жатат. Өсүмдүктөргө жарды, ар түркүн чөптөр, майда бадалдар ж. б. өсөт. Түндүк капталында алтын кеңи бар. Тоону 1884-жылы Н. М. Пржевальский изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]