Придон эчкиси

Википедия дан

Придон эчкиси - тыбыт багытындагы эчки породасы. Кандай жол менен чыгарылганы белгисиз. Денеси чың, ар кандай табигый шартка жакшы байырлашат, продукттуулугу жогору. Текесинин салмагы 65–70 кг, эчкисиники 40–43 кг. Ар 100 тубар эчкиден жылына 130–140 улак алынат. Жүнүнүн 65–70%и тыбыт. Тыбытынын узундугу 8–11 см, ичкелиги 21–23 мк. Придон эчкиси көбүнчө РФтин Волгоград, Ростов жана Воронеж областында багылат. Кыргызстанга жергиликтүү эчки тукумун жакшыртуу максатында алынып келинген).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]