Примитивдер
Көрүнүш
Примитивдер – кеңири тараган маанисинде – алгачкы Кайра жаралуу доорундагы италиялык сүрөтчүлөр; алардын чыгармаларынын шарттуу аталышы. Терминдин келип чыгышы өткөн замандын Бийик кайра жаралуу көркөм искусствосуна салыштырмалуу бул көркөм искусствону көп учурда өнүгүүнүн баштапкы баскычында, жеткиликсиз деп кабыл алып, аны туура эмес баалоого байланыштуу болгон. Ал эми иш үстүндө Бийик Кайра жаралуу маданиятын түптөп чыккан XV кылымдагы Италия көркөм маданияты аны менен бирдей баада турат. Жалпы мааниде бул термин конкреттүү мазмуну боюнча өзгөрүлмө, ар түрдүү болуу менен башка өлкөлөрдө мезгилдерге карата колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004