Программаланган окуу китебинин түрлөрү

Википедия дан

Программаланган окуу китебинин (куралынын)түрлөрү - Программаланган ошондой китеп жана окуу куралы бири-биринен принципиалдуу айырмаланган эки түрдүү системада сызыктуу жана тармактуу программада түзүлүшү мүмкүн.

  • Сызыктуу программа боюнча түзүлгөн окуу китептери эки түрдүү болот: «вертикалдуу» жана «горизонталдуу» «Вертикалдуу» окуу китебинде окуу материалы өз ара белгилүү логикалык системада жайланышкан дозаларга бөлүштүрүлүп берилет. Ар бир өлчөмдөн кийин суроолор же көнүгүүлөр сунуш кылынат. Барактын оң жагына ошол суроолорго туура жооптор жазылат, ал жооп сызгыч менен же башка тунук эмес жылгыч баракча менен далдаланып көрүнбөй жабылып турат. Ар бир окуучу ага сунуш кылынган өлчөмдү иштеп чыккандан кийин анын артынан келүүчү өлчөм иштейт (контексттин маанисине карата ташталып кеткен сөздү, тамганы же санды жана башкалар толуктап жатат) да, сызгычты жылдыруу менен өзүнүн жообун туура жоопко салыштырып текшерет. Эгерде катасы болсо, анда аны дароо оңдойт. Демек, кийинки өчөм өтүүдөн мурда окуучу өзүнүн жообунун туура же туура эмес экендигин билет, өзүнүн ишинин ийгилигин дароо көрүп, анын ишке кызыгуусу артат. Окуучунун берген туура жооптору канчалык тез-тез болуп турса, анын окууга кызыгуусу ошончолук күчөйт.

Сызыктуу программалоонун эң негизги бөтөнчөлүгү – мында окуучу өзүнүн жообун өзү конструкциялап түзөт, өзүнүн жообун өзү түзүү окуучуну ойлонуп эмгектенүүгө, ишке жоопкерчиликтүү катышууга, материалды чың түшүнүп өздөштүрүүгө мажбур кылат. Сызыктуу программаны схемалык түрдө төмөнкүчө көрсөтүүгө болот: Мында окуучуларга адегенде №1, андан кийин №2, №3, жана башка өлчөмдөгү тапшырмаларды иштеп чыгуу сунуш кылынат.

  • Тармактуу программа боюнча түзүлгөн окуу китептеринде тандоо методу колдонулат. Информациялардын ар бир дозасы жана ага тиешелүү суроолор же тапшырмалар барактын өзүнчө бетине жайлаштырылат. Ар бир суроодон же ар бир тапшырмадан кийин ага карата 3 же 4 (кээде андан да көп) түрдүү жооптор берилет. Бул жооптор адатта окуучулар тарабынан кетирилүүчү мүнөздүү каталыктарды эсепке алуунун негизинде түзүлөт. Окуучу туура деп эсептеп тандап алган тиешелүү жооп менен катар ал андан кийин китептин кайсы бетиндеги кайсы материалды окуй тургандыгы кошо көрсөтүлүп жазылат. Эгерде окуучунун тандап алган жообу туура болсо, анда анын жообунун тууралыгы ырасталат да, ошол жооп эмне үчүн туура экендиги түшүндүрүлөт жана ага андан кийинки өчөмгө өтүү сунуш кылынат. Эгерде окуучунун тандап алган жообу ката болсо, анда анын жообунун туура эмес экендиги айтылат, анын катасы эмнеде экендиги түшүндүрүлүп, ушул эле өчөм боюнча бир аз жардамчы түшүнүк берилет. Мына ушулардан кийин же алгачкы өчөмгө кайтып, анын суроосуна туура жооп берүүгө дагы бир жолу аракеттенип көрүү, же андан кийинки дозадагы материалды иштөөгө өтүү сунуш кылынат.

Тармактуу программаны схема түрүндө төмөдөгүчө көрсөтүүгө болот:

Эгерде окуучу материалды жакшы өздөштүрсө, анда ал 2А,2Б, 3А, 3Б, 3С сыяктуу кошумча өчөмдөргө (порцияларга) токтолбостон, 1, - 2, - 3 - негизги өчөмгө аркылуу эле 4 – өчөмгө өтөөрү схемадан көрүнүп турат. Эгерде окуучу, мисалы, 2- өчөмдүн материалы боюнча жөнөкөй ката кетирген болсо, анда ага жардамчы 2А же 2Б өчөмдүн окуп чыгуу сунуш кылынат. Ал өчөмдөн окуучу өзүнүн катасы эмнеде экенин билип, аны жоюу боюнча тиешелүү көрсөтмө алат. Андан кийин ал 2- өчөмдөргө кайта келип, анын суроосуна туура жооп берүүгө дагы бир жолу аракет кылат.

Эгерде окуучу кандайдыр бир өчөмдүн (мисалы, №3 өчөмгө) материалын өтүүдө өтө эле одоно ката кетирген болсо, анда бул учурда окуучуга анын катасы эмнеде экендигин көрсөтүп гана тим болбостон, ошол 3- өчөмдүн материалын көрсөтмөлүү мисалдары бар майдараак 3А, 3Б, 3С сыяктуу жардамчы бөлүктөргө бөлүшөт. Эгерде жардамчы өчөмдө бир моментинде окуучу өзүнүн 3- өчөмдөгү каталыгы кокусунан болгондугун, материалды түшүнө албагандыктан эмес аны иштөөгө анча көңүл койбогондугунан болгонун далилдеп көрсөтө алса, анда жардамчы порциялардын калгандарын окуп олтурбастан түз эле 4- өчөмдөргө өтүүгө уруксат кылынат. Схемада окуучу 3Б жана 3С өчөмдү окубастан эле 3А өчөмдөн деле 4- өчөмдөргө өтө ала тургандыгы көрсөтүлгөн. Эгерде окуучунун катасы чоңураак болсо, анда ал 3А дан 3Б га өтүп, андан 4- өчөмдөгө барышы мүмкүн. Эгерде ал өзүнүн катасын жардамчы 3А жана 3Б өчөмдөргө окуп чыккандан кийин да оңдой албаса, анда ал 3С өчөмдөгү материалды да иштеп чыгууга мажбур болот, ошондон кийин гана ал 3- өчөмдөргү негизги суроого туура жооп таап, 4- өчөмдөргө өтүүгө мүмкүндүк алат.

Демек жөндөмдүү окуучу окуу материалын өзүнө ыңгайлуу тез темпте иштеп чыга алат, анткени ал жардамчы өчөмдөргө токтолбостон негизги гана 1, 2, 3, 4- өчөмдөргө менен иштейт. Орто окуган окуучу негизги өчөмдөрдөн башка дагы жардамчы өчөмдөрдүн кээ бирөөлөрүн кошо окуп чыгууга тийиш. Начар окуган окуучу болсо негизги жана бардык жардамчы өчөмдөрдү бүт окуп чыгууга мажбур болот. Ошентип, программаланган окуу китебинин көлөмү жөнөкөй окуу китебине караганда адатта өтө чоң боло тургандыгына карабастан эң жакшы же жакшы окуган окуучу анын 40%тин гана, орто окуган окуучу 70–80%тин гана окуйт, ал эми начар окуучу болсо ал китепти 100% окуп чыгууга мажбур болот. Натыйжада эң жакшы жана жакшы окуган окуучулардын жалпыга милдеттүү окуу материалын өздөштүрүүдөн көп убактысы үнөмдөлүп калат. Бул убакыт алардын программалык материал боюнча билимин тереңдетүүгө, предмет боюнча жалпы деңгээлин көтөрүүгө, алардын изилдөөчүлүк жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга жумшалат. Теорияларды далилдөөнүн, маселелерди чыгаруунун, ал гана эмес күндөлүк турмуштун туура жолун баамдап билүү үчүн дайым эле жалгыз гана туура жолду көрүү менен чектелүүгө болбойт. Туура жол менен катар туура эмес жолдорду да карап чыгуу керек, ошондо гана туура жолдун чыныгы мазмуну ачылат.

Эгерде баланы дайыма тапталган жол менен гана алып жүрө турган болсо, анда ал жол деген эмне экендигин билбейт. Демек, «бар» деген менен бирге «жок» дегенди да көрсөтүү үчүн «сулуу» өңдү көрсөтүү үчүн, «сулуу эмес» одоно өңдү да көрсөтүү керек. Трапецияны билүү үчүн трапеция боло албай турган төрт бурчтуктарды да көрсөтүү керек. Геометриянын дедуктивдүү түзүлүшүн түшүнүү үчүн анын дедуктивдүү эмес түзүлүшүн да көрүү зарыл. Окуучу туура жолдон адашып кетип, өзүнүн катасын өзү таап кайта туура жолго түшкөндө гана ал туура жолдун чыныгы мазмунун сезимдүү кабыл алат.

  • Программалоонун «адаптивдүү» деп аталуучу үчүнчү түрү дал ушул идеяга негизделген.

Электрондук техниканын жетишкен ийгилиги окуу процессиндеги адамдын ички ой жүргүзүүсүндөгү өзгөрүштөрдү эсепке алуучу адаптивдүү окутуучу машиналарды түзүүгө мүмкүндүк берди. Мындай машиналар көндүмдөргө жакшы үйрөтөт, аларды кээде тиешелүү түшүнүктөрдү формировкалоо максатында колдонууга болот. Программалоонун адаптивдүү системасы: «окуучуларды керектүү көндүмдөргө үйрөтүү үчүн белгилүү өлчөмдөгү каталыктардын кетирилиши зарыл, башкача айтканда жаңы материалды үйрөнүп жатканда окуучу тарабынан эч ката кетирилбесе, анда окутуунун эффектиси (жугумдуулугу) аз болот» деген гипотезага негизделген. Жиберилүүчү каталыктардын проценти эки түрдүү пайдаланылат:

1. Каталыктардын проценти эки түрдүү пайдаланылат: каталыктардын проценти белгилүү деңгээлден төмөндөп кетсе машина программалык суроолордун татаалдыгын ошол замат автоматтуу түрдө жогорулатат;

2. Каталыктардын проценти жогорулап кетсе, машина суроолордун татаалдыгын ошол замат автоматтуу түрдө төмөндөтөт. Ошону менен катар окуучуга «көрсөтмө информация» кошо берилет, анда ага туура жоопту тандап алуу жана түшүнүүгө өтө кыйынчылык жараткан суроолор боюнча кошумча көнүгүүлөрдү иштөө сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,