Программалуу жөндөгүч

Википедия дан

Программалуу жөндөгүч - алдын ала түзүлгөн программа (үзгүлтүксүз же дискреттүү) боюнча иштөөчү автоматтык жөндөгүч.

Программалуу жөндөгүчкө программа бергич түзүлүш жана объектинин программаланган абалы менен чыныгы абалын салыштыруу аркылуу аракетти башкарууну пайда кылуучу жөндөгүч кирет. Программаны машинага берүү үчүн электр Функциялык потенциометр, перфокарта ж. б. пайдаланылат. Татаал системаларда башкаруу үчүн ЭЭМ колдонулат. ал программаны өзү түзүп берүүчү түзүлүшүн милдетин аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.