Пролог

Википедия дан

Пролог (гр.— алгачкы сөз) — 1. Адабий чыгармалардагы киришүүнүн бир түрү, анда автордун ниети, чыгарманын кыскача мазмуну алдын-ала баяндалат, каармандар жөнүндө алгачкы түшүнүк берилет, бүткүл чыгарманын кийинки жүрүшү үчүн өзөк болуучу окуялар баяндалат. Мисалы, А. Токомбаев «Өлбөстүн үрөнү» драмасында, Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында пролог бар. 2. Байыркы грек трагедияларында оюн башталар алдындагы актердун көрүүчүлөргө кайрылышы, негизги окуяларга карата даярдык көрүү үчүн атайын аткарылган сахна көрүнүшү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]