Простатит

Википедия дан

Простатит (латын тилинен prostatitis; анат. prostata — простата бези + -itis — сезгенүү) — эркектин простата (ички жыныс) безинин сезгениши.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бездин сезгенишине ар түрдүү микробдор (гонококк, трихомонада, кургак учук таякчасы, стафилококк, стрептококк, вирус, микоплазмалар жана башкалар), жоон ичегинин, заара түтүгүнүн, табарсыктын сезгениши, нымдуу жерге отуруп суукка урунуу да себеп болот.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Простатиттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар.

Катуу кармаган түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган түрү башталганда тез-тез заара ушатат, бел-куймулчак туш ооруйт, без шишимик тартат, бара-бара заара ушатуу кыйындап, ооруп, дене ысый баштайт. Жыныс без шишип, көөп чыкса, заара аз-аздан чыгып, улам-улам ыйындырып оорусу көбөйөт, кээде шейшеп бекип да калат (туттугат), чыйрыктырып, дене ысыйт да, ал-абалы начарлайт. Эгерде жыныс без ириңдеп кетсе жогорудагы белгилер күчөп, түрдүү кабылдоолорго алып келет. Простата безинин ириңи табарсыкка же заара каналына жарылып, аларды да сезгендирет. Простатитте ириңдеп, шейшеп бекисе (туттукса), табарсыкка операция жасалып, түтүк коюлат. Простатиттин бул түрүн өз учурунда дарыласа 2 — 3 жуманын ичинде айыгып кетет. Кээде оору кайталанып же өнөкөт түргө өтүшү мүмкүн.

Өнөкөт түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөкөт түрүндө без чоңоёт, катууланып, айрым жерлери дөмпөк тартып бел, табарсык, чаткаяк, куймулчак, көтөн чучук жана сырткы жыныс мүчөлөрүнө оору тарайт, оорулуу бат чарчап уйкусу качат, ишке жөндөмү начарлап, туталанып, урушчаак болуп кетет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону врач жүргүзөт. Кээде операция жасалат. Дары-дармек менен бирге массаж жасап, физиотерапиялык дарылоо кошо жүргүзүлөт. Диета сактоо, суюктукту көбүрөөк ичүү сунуш кылынат. Санаторий-курортто ( Жалал-Абад, Ысык-Ата жана башкалар) дарыланууну улантса болот. Простатит оорусу менен ооругандар врач-урологдун диспансердик каттоосунда болуп, жылына эки жолу дарыланып туруусу керек.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын алдын алуу үчүн заара чыгаруучу түтүктүн, табарсыктын сезгенүү ооруларын өз убагында жакшылап дарылоо, көп отуруп иштегендерге жөө басып сейилдөө, чуркоо, сууда сүзүү, теннис ойноо жана башкалар сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8