Процессинг

Википедия дан

Процессинг (англ. processing - иштетүү, кайрадан иштетүү; лат. procedo - басып жүрөм, алга карай жылып атам) - транскрипциянын жана трансляциянын биринчилик продуктуларынын өз алдынча аракеттенүүчү молекулаларга айланышына алып келүүчү реакциялардын жыйындысы. Кыймыл - аракетсиз молекулалар ар кандай рибонуклеин к-таларынын (т-РНК, р-РНК, м-РНК) түзүүчүлөрү П-ге кабылат. РНК-түзүүчүлөрдүн процессингинде бул молекулалардын эки учунда тең ашык нуклеин ырааттуулуктары четтетилет. Эукариоттордун клеткаларында бардык м-РНКнын, ошондой эле кээ бир т-РНК жана р-РНКларынын түзүүчүлөрү кабылуучу П-дин өзгөчө тиби - сплайсинг (англ. splice - бириктирүү, улоо) байкалган. Бул типтеги молекулаларда нуклеотиддердин коддолуучу (эксондор - м-РНКнын керектүү информациялар жазылган бөлүгү) жана коддолбоочу (интрондор - м-РНКнын клетка үчүн анча маанилүү болбогон информациялар "жазылбаган" бөлүгү) ырааттуулуктары өз ара бирин-бири алмаштырат. Сплайсингде интрондор четтетилет, ал эми эксондор активдүү (жетилген) м-РНКны пайда кылып бири менен бири биригишет. Коддолуучу бөлүктөрдүн жыйнагынын альтернативдүү варианттары болушу мүмкүн, бул учурда бир эле түзүүчүдөн ар түрдүү белокторду коддоочу ар кандай м-РНКлар келип чыгышы мүмкүн. Эң сейрек учурларда гана эукариоттук РНКнын П-и ядродо жүрөт. Молекулалардын ар бир тиби үчүн ал өзгөчө ферменттин же ферменттер тобу аркылуу жүзөгө ашат. Бул П-дин чекиттеринде р - РНКнын өзгөчө биринчилик, ошондой эле көп учурларда экинчилик түзүлүшүн дагы тааныйт. Кирпикчелүү инфузорияларда Temrahymena р-РНКнын сплайсинги артыкча өтөт, бул реакцияларда сплайсинг өтүп жаткан РНКнын өзү катализдейт. Белоктун - түзүүчүлөрүнүн молекулаларынын П-инде полипептиддик тизмектин NH2 - учундагы сигналдык деп аталуучу пептид четтетилет. Жаңы синтезделген полипептид мисалы, трансулин, ар кандай полипептиддик тизмектердин ырааттуулугунан турушу мүмкүн, бул тизмектер П-де ашык ырааттуулуктарды четтетүү менен кыскарат жана андан кийин жетилген белок пайда болот. П-де трансляциянын биринчилик продуктусу ар кандай кызматтарды аткаруучу көп сандаган белокторго ажырайт. Белоктордун П-и өзгөчө амин к-та ырааттуулуктарын таануучу, өзгөчө протеазалар аркылуу жүзөгө ашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]