Психиатрия

Википедия дан
Психиатрия

Психиатрия (немис тилинен psychiatrie грек тилинен ψυχή — жан жана грек. ιατρός — доктур; грек. ιατρικός — доктурлук, медициналык) — медицинанын психикалык оорулардын себебин, белгилерин жана өөрчүшүн изилдөөчү, аларды дарылоо, алдын алуу, психикалык ооруларга жардам уюштуруу методдорун иштеп чыгуучу бөлүгү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Психиатрия өзүнчө илимий тармак болуп 18-кылымдын аягында калыптанган. Акыркы жүз жылдыктын ичинде психиатрия ири ийгиликтерге жетишти. Кишинин психикасы бузулган оорулардын мурда айыкпаган көптөгөн формалары айыгууда. Оорулуу врачка канчалык эрте кайрылса, ошончолук дарылоо натыйжалуу болот. Тилекке каршы көпчүлүк оорулуулар өзүн соо эсептеп, врачка кайрылышпайт, анын үстүнө психиатрдын каттоосунда болууну каалашпай же жакындары оорулууну өзү жакшы болуп кетээр деген ой менен жашырып эч кимге айтпай, ага чоң зыян келтиришет. Азыркы мезгилдеги психиатрия жалаң гана психоздорду дарылабастан психопатия, невроздор, аракечтик, уйку качууда да жардам берүүдө. Оорулуунун абалын текшерүүдө физиология, биохимия, психология, генетика илимдеринин методдору колдонулууда. Жин ооруларынан айыктыруу мүмкүнчүлүгү кеңейди.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорудан калыбына келтирүү үчүн психоформакологиялык заттар жана түрдүү дарылоо ыкмалары, эмгек менен дарылоо жана башкалар колдонулат. Көпчүлүк психикалык бузулууларды алдын алууда калкка түшүндүрүү иши өтө маанилүү. Алкоголь ичимдиктерин ашкере пайдаланган үй-бүлөдөн кем акыл, талмалуу, психикасы начар өөрчүгөн бала төрөлөрү белгилүү. Көптөгөн психикалык бузулууларга (невроздор, аракечтик жана башкалар) психикага тикеден-тике таасир тийгизген социалдык факторлор (тарбия берүү, айлана-чөйрө) себеп болот. Бул психиатриянын социалдык мүнөзүн жана социалдык маанисин белгилейт. Ошондуктан психиатрияга адептүүлүккө тарбиялоо, психогигиеналык агартуу, психикалык адаптация, граждандык милдетин аткаруу жөндөмдүүлүгүн, закон алдында жооптуулугун аныктоо, өзүнчө бөлүп кармоо жана башкалар социалдык маселелерди чечүү да кирет.

Психиатр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Психиатр — психикалык ооруларды аныктап, диагноз коюу, дарылоо, алдын алуу жана эксперттөө үчүн атайын даярдалган адис-врач.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8