Пуни согуштары

Википедия дан

Пуни согуштары (тыныгуулар менен биздин заманга чейинки 264–146) – Жер ортолук деңиздин батышын бийлөө үчүн Рим менен Карфагендин ортосунда болгон кагылыштар. Карфаген биздин заманга чейинки 3-кылымдын 70-жылдарында Африканын батыш жээктерин, Сицилияны ээлеп, Жер Ортолук деңиздин батышына үстөмдүк кылган. Рим биздин заманга чейинки 265-жылы бүт Италияны каратып, Карфаген менен теңтайлаша баштаган. Биринчи Пуни согуштары (биздин заманга чейинки 264-241) Сицилия жана анын жээктери үчүн башталган. Күчтүү флоту бар римдиктер бир нече салгылашта Эгад аралынын жанында (биздин заманга чейинки 241-жылы) Карфаген флотун толук талкалаган. Биздин заманга чейинки 241-жылдагы тынчтык келишим боюнча Сицилия жана анын аралдары, Сардиния жана Корсика аралы Римге өткөн. Экинчи Пуни согуштары (биздин заманга чейинки 218–202) Ганнибал армиясынын биздин заманга чейинки 219-жылы Рим менен союздаш Сагунт шаарына кол салуусу менен башталган. Ал Италияга кирип, Тразимен көлүнүн (биздин заманга чейинки 217-жылы) жана Каннынын жанындагы (биздин заманга чейинки 216-жылы) салгылашта Рим аскерлерин талкалап, Сицилия менен Сардинияга келген. Бирок римдиктер согушту тозуу тактикасы менен Ганнибалдын армиясына сокку уруп, биздин заманга чейинки 202-жылы аны талкалаган. 201-жылдагы келишим боюнча Карфаген Испаниядан баш тартып, Африкада согуш жүргүзүү укугунан ажыраган, ошондой эле флотун жоюп, контрибуция төлөөгө аргасыз болгон. Үчүнчү Пуни согуштары (биздин заманга чейинки 149–146-жылдары) Карфаген аймагында өткөн. Римдиктер Карфаген шаарын үч жылдык курчоодон кийин талкалап, элин кулга айландырган. Пуни согуштарынын натыйжасында Жер Ортолук деңизинин батышында Рим бийлиги орногон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]