Пуризм

Википедия дан

Пуризм (лат. purus таза дегенден) - адабий тилди башка тилдерден кабыл алынган сөздөрдөн, неологизмдерден тазалоо максатын көздөгөн жана адабий тилде нормага түшпөгөн лексикалык жана грамматикалык элементтердин киришине каршы турган аракет.

Пуризм улуттук адабий тил калыптанып, анын стилдик системасы өзгөрүп жаткан учурда күчөйт да, көбүнчө саясий, маданий агымдарга байланыштуу жүрөт. Пуристтер кээде улуттук адабий тил чет элдик таасирден бүт бойдон арылганда гана өз алдынчалыгын сактап калат деп эсептешет.

Орустун 19-кылымдагы демократ сыны (В. Г. Белинский ж. б.) «пуризм» терминин тилге үстүрт жана консерваторчо мамиле кылуу деген мааниде урунган. Октябрь революциясынан кийин кээ бир түрк тилдеринде да интериационализмден баш тартып, аларды сөзсүз эне тилдеги сөздөр менен алмаштыруу аракеттери болгон. Мындай тенденция 1930-жылдан кийин ийгиликке ээ болгон жок. Аталган тилдер башка тилдердин (өзгөчө орус тилинин) эсебинен баюуда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9