Пуэрториколуктар

Википедия дан

Пуэрториколуктар – Латын Америкасындагы эл, Пуэрто-Риконун негизги калкы. Жалпы саны 8,5 млн киши, анын ичинде 4,0 млнго жакыны Пуэрто-Рикодо (2009). Ошондой эле АКШда (4,4 млн) да жашайт. Испан жана англис тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – католиктер. Пуэрториколуктар этностук негизи 16-кылымда индей-карибдер, кийин Африкадан кул катары алынып келинген негрлер жана испан колониячыларынын аралашуусунан 16–19-кылымда түзүлгөн. 19-кылымда Пуэрто-Рикодо испандарга каршы күрөш күч алып, кулчулук жоюлуп, улуттук интеллигенция пайда болгон. 1898-жылы америкалыктардын Пуэрто-Рикону басып алышынан кийин өнөр жай өнүгүп, калкы тез өскөн. Пуэрториколуктардын кол өнөрчүлүгү жана искусствосу абдан өнүккөн. [[Категория: Дүйнө элдери]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]