РКП(б) Каракол- Нарын округдук 1- конференциясы

Википедия дан

РКП(б) КАРАКОЛ – НАРЫН ОКРУГДУК 1-КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1925-жылы 11–13-мартта Каракол шаарында өткөн. Конференция облустук партбюро менен округдук комитеттердин иши, айыл-кыштактагы партиялык иштер жөнүндөгү маселелерди талкуулаган жана тиешелүү чечимдерди кабыл алган. Партияга кедейлер менен батрактарды кабыл алууга жетишээрлик көңүл бөлүнбөй жаткандыгы белгиленген. Эмгекчилердин арасында, партиялык айрым ячейкаларда бай-манап жана кулактардын таасирин жоюу эң маанилүү милдеттерден деп эсептелген. Конференцияда партиялык иштерди жакшыртуу боюнча конкреттүү чараларды белгилеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.