РКП(б) Кара Кыргыз облустук 2- конференциясы

Википедия дан

РКП(б) КЫРГЫЗ ОБЛУСТУК 2-КОНФЕРЕНЦИЯСЫ 1925-жылы 2–4-ноябрда Пишпекте өткөн. Конференцияга партиянын 4284 мүчөсү жана мүчөлүгүнө кандидатынан 95 делегат чечүүчү, 143 делегат кеңешчи добуш менен катышкан. Күн тартибинде – РКП(б) БК Орто Азия бюросунун доклады, обкомдун отчёту жана Кыргызстандын партиялык уюмдарынын милдеттери, экономика, айыл чарбанын проблемалары жана башка маселелер каралган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.