РКСМдин Кыргызстандагы уезддик комитеттери

Википедия дан

РКСМдин КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЕЗДДИК КОМИТЕТТЕРИ –партиянын уезддик-шаардык комитеттеринин жетекчилиги менен иш алып барган Кыргызстан комсомолунун уезддик-шаардык комитеттери. 1920-жылдын башында Пишпек жана Каракол уезддик комитеттерине караштуу мусулман бюролору, Кыргыз жаштарын комсомолго тартуу максатында 1922-жылы Ошто, дуңган жана уйгур жаштарынын арасында иштөө үчүн 1923-жылы Пишпекте, Караколдо бюро түзүлгөн. 1924-жылдын декабрында РКСМдин уюштуруу бюросунун чечими боюнча комсомолдун уезддик-шаардык комитеттери таркатылып анын негизинде округдук комитеттер түзүлгөн.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.