Радиология

Википедия дан

Радиологиямедицина илиминин иондоштуруучу нурланууну медицинада колдонууну, нурлардын биологиялык таасирин изилдөөчү тармагы.

Радиология рентгенология, рентген терапия, радиоизотоп диагностикасы, нурдан зыянга чалдыгуулардын клиникасы жана терапиясы ж. б. бириктирет.

Медициналык Радиология рентген нурлары жана табигый радиоактивдүүлүк ачылгандан кийин Радиология илим катары өнүгө баштады. Жасалма радиоактивдүүлүктүн ачылышы менен (1934) Радиология дагы кеңейди. Радиоактивдүү заттарды пайдалангандан баштан нур менен дарылоонун жаңы методдору жана радиоизотоп диагностикасы пайда болду.

Кыргызстанда мед. Радиологиянын башталышы 1937-жылга таандык. 1941-ж. рентген борборунун карамагында ар түрдүү коркунучтуу шишиктер менен ооругандарды дарылоо үчүн 12 орундуу стационар ачылган. 1950-ж. Фрунзедеги онкология диспансеринде рентген терапия жана радиоактивдүү нурлар менен дарылоо жүргүзүлө баштаган. 1959-ж. Онкология жана радиология илимий изилдөө институту уюштурулуп, ал радиологиялык жана рентген терапиялык жацы аппараттары менен жабдылган. Радиологиянын маселелери «Медицинская радиология» (1956), «Вестник рентгенологии и радиологии» (1920) журналдарында жарыяланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.