Радиотелескоп

Википедия дан

Радиотелескоп – космос телолору (объектилери) чыгарган радионурланууну кабыл алуучу жана каттоочу астрономиялык түзүлүштү Радиотолкун диапазонунда асман телолорун (Күн системасындагы, Галактикадагы, Метагалактикадагы), космос объектисинен чыккан радионурланууну кабылдап жана каттап, ошондой эле айрым мүнөздөмөлөрүн, мисалы, координаталарын, мейкиндиктеги түзүлүшүн, нурлануу ургалдуулугун (интенсивдүүлүгүн), спектрин жана полярлашуусун (уюлдашуусун) изилдейт. Анын эң маанилүү бөлүктөрү – багытталгыч антенна жана радио кабылдагыч түзүлүштү радиотелескоптун антенналарына радиоастрономияда колдонулуучу кеңири диапазондогу толкун (узундугу 0,1 ммден 1000 мге чейинки) пайдаланылат. Антенналары кыймылдуу жана кыймылсыз орнотулат. Бүтүн бир система катары эки антеннасы бар радиотелескоп радиоинтерферометр деп аталат. Кыска толкундар менен иштегенде күзгүсү кыймылдуу параболалык антенна, узун толкундар менен иштегенде көптөгөн элементардык торчо пайдаланылат. Радиотелескоптун мм, см, дм жана м узундуктагы толкундарды кабыл алуучу антенналары – оптикалык рефлектордун күзгүсүнө окшош параболалык чагылдыргычтар. Параболоиддин фокусуна радио толкундарды (күзгү багыттаган) чогултуучу, кабылдагыч түзүлүш орнотулат. Кабылдагыч чогулткан энергия радиометрдин кирүүсүнө берилип, күчөтүлүп жана детектирленгенден кийинки сигнал электр өлчөгүч прибордун өзү жазгыч тасмасына катталат. Заманбап радиотелескопто аналогдук сигнал радиометрден чыгууда цифралык сигналга айланып, бир же бир нече файл түрүндө катуу дискке жазылат. 20-кылымдын 70-жылдарынын башында 300 метрлик кыймылсыз радиотелескоп жасалып, Пуэрто-Рикодогу өчкөн жанартоого орнотулган. Россияда 1976-жылы РАТАН-600 радиотелескобу жасалган. Радиотелескоп радиостанция, телекөрсөтүү, радар ж. б. нурланткыч түзүлүштөрдүн электр-магниттик каршылыгын азайтуу үчүн калк жашаган жерден алыс орнотулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]