Радиохимия

Википедия дан

Радиохимия – радиоактивдүү заттар химимялык  касиеттерин, аларды бөлүү, концентрацияло жана тазалоо ошондой эле ядролук айлануудагы алардын абалын изиолдөө илими. Радиохим. төмөндөгүдөй 4 бөлүмдөн турат. 1. Жалпы Р.; 2. Кээ бир радиоэлементтер хим-сы; 3. Радиоактивдүү айланууларды коштоочу процесстер хим-сы; 4. Практикалык Р. Р. методикалык жактан өзгөчөлүгү элементтерди жана изотопторду алардын радиоактивдүү нурду чыгаруусу жана ядролук айлануу продуктусу боюнча аныктоо. Бул анализденүүчү заттагы тигил же бул изотоп санын жөнөкөй ыкмада гана аныктоого мүмкүнчүлүк бербестен, изотоптук жана элементтик анализди да аткарат. Изотопту аныктоо жана модификациялоону радиоактивдүү нурдануу бардык түрлөрүнүн a-, b-, g- кванттар электрондун конверсиясынын активдүүлүгүн ченөө менен ишке ашырат. Р. мүнөздүү өзгөчөлүгү өтө аз өлчөмдөгү, зат аныктоосу ж.б. методго караганда тактыгы, сезгичтүүлүгү, тандалмалуулугу, жөнөкөйлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]