Радиохимиялык анализ

Википедия дан

Радиохимиялык анализрадиоактивдүү изотоптордун сапаттык, сандык катнаштарын аныктоо, аларды бири биринен болуп алуу, кошунду изотоптордон жана элементтерден тазалоо, эң, аз өлчөмдөгү радиоизотопторду концентрациялоо ыкмасы.

Радиохимиялык анализ — өзгөчө өтө аз сандагы радиоактивдүү элементтерди жана алардын бирикмелерин аныктоодо колдонулуучу жогорку тактыктагы физикалык-химиялык метод. Анын жардамы менен элементтердин жана алардын бирикмелеринин физикалык-химиялык касиеттерин билүүгө, радиохимиялык жана жалпы эле химиялык процесстердин мыйзам ченемин изилдөөгө болот.

Өнөр жай технологиясында, илимий изилдөө иштерде, радиоактивдүү изотопторду эл чарбасында колдонууда Радиохимиялык анализдин мааниси өтө чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.